БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстанда окуучулар арасында өтүп жаткан театралдык фестивалдын үчүнчү айлампасы бүгүн башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын биринчи айлампасы өлкөнүн райондорунда 25-январга чейин өткөрүлүп, тандалган спектаклдер кийинки турга жолдомо алышкан.
Экинчи айлампа бардык облустар менен Бишкек жана Ош шаарларында 25-февралга чейин өтүп, мыкты чыгармалар аныкталган.
"Тарых жана маданият" жылына карата өткөрүлүп жаткан иш-чаранын акыркы бөлүгү Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук драма театрында саат 9.30да башталып, 25-мартка чейин уланат.