БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бүгүн Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада прозаик, жазуучу Касым Каимовдун 90 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу улуттук китепканадан билдиришти.
Аталган иш-чара "Тарых жана маданият жылына" арналып, саат 11:00дө башталат. Анда жазуучунун бардык китептери, гезит-журналдык публикациялары, макалалары коюулат.
Иш-чарага акындар, жазуучулар, студенттер жана маданият өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.
Касым Каимов — 1926-жылы Талас районунда жарык дүйнөгө келген. Ал "Бири-бирине окшобогон күндөр" повести, "Соңку жолугушуу" китептеринин автору. Каимов "Ардак белгиси" орденинин жана бир нече сыйлыктардын ээси.