БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Улуттук банк кайрадан интервенцияга чыгып, 2 миллион 150 миң доллар сатып алганы тууралуу маалымат мекеменин расмий сайтына жайгаштырылган.
Башкы банк быйылкы жылдын эсеби менен биринчи жолу 2-март күнү 9 миллион доллар, 4-март күнү 5,2 миллион доллар сатып алган. Үчүнчү жолу 5-мартта 1 миллион 250 миң доллар алса, 9-март күнү казынасын 5 миллион 50 миң доллар менен толуктаган.
Былтыр Улуттук банк акыркы ирет 23-июль күнү доллар сатып алуу үчүн базарга чыккан. Андан кийин 40 жолу чет элдик валютаны сатууга аргасыз болгон. Быйыл аталган мекеме 77,4 миллион доллар сатты.
Улуттук банк валюта базарына ар кандай себептер менен, анын ичинде валюта курсун турукташтыруу үчүн интервенцияларга чыгып турат.
Башкы банктын маалыматы боюнча, учурда доллардын орточо курсу жети тыйынга төмөндөп, 72,23 сомду түздү.