БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандык соттор Ташкентте өтүүчү семинарга катышарын Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.
Аталган семинар 15-17-күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтөт.
Ал "Жазык иштерин териштирүүдө жана соттук кароодо электрондук далилдерди алуу жана пайдалануу" темасына арналмакчы.
Тренинг соттордун квалификациясын жогорулатууга багытталып, ага Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышат.