БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарындагы Борнова аймагында сойкулук уюштурууга шектелип үч жаран кармалганын Haberler гезити маалымдады.
Измирдин полициясы өткөн жумада сойкулукка каршы жүргүзгөн рейд учурунда бул иш менен алектенди деп шектелген 22 жаштагы С.С. жана ага түнөк жай берип жүргөн 43 жаштагы Т.Г. жана 21 жаштагы Х.С. аттуу жарандар кармалган.
Атайын сурактан кийин 21 жаштагы жаран коё берилсе, 43 жаштагы жаран "Сойкулукка мажбурлоо жана ага шарт түзүү" менен айыпталып кармалды.
Ал эми 22 жаштагы кыргызстандык аял териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Түркиянын ИИМинин миграция иштери боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Тиешелүү иликтөө иштери жасалган соң, ал Түркиянын аймагынан чыгарылат.