БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Чүй облусунун тушундагы Бишкек — Торугарт унаа жолунун 98-чакырымында Toyota үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылып, эки жүргүнчүсү каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, унаа оодарылып кеткен. Айдоочусу 26 жаштагы Рустам Сыдыгалиев оор жаракат алып Кемин шаарынын ооруканасына жеткирилип, реанимация бөлүмүнө жаткырылган.
Мындан тышкары, кырсыктан унаанын ичиндеги 19 жаштагы Зухра Казакова жана 20-25 жаштар чамасындагы эркек адам каза болгон. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар машинанын ичиндегилерди чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Набыт кеткендердин сөөгү шаардык оорукананын өлүкканасына жеткирилди.