БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Борбор калаада күн 24 градуска чейин ысый турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Ал эми Ош шаарында күн 26 градуска чейин ысый.
Жалпы өлкө аймагы боюнча жаан жаабайт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдору тайгак болот.