Ар жыл сайын жазында энелер күнү белгиленип жүрөт. Менин апам мындай майрамды көрбөй калды. Анан ай чыккан сайын же айды көргөн сайын апамды эстейм. Себеби, апамдын "Ай чыкты тоодон суйкайып…" деген ыры дале кулагымда жаңырып турат. Элүүдөн ашсам да апасына эрекелеп жаткан уул-кызымды көргөндө, менин да апама болгону кусалыгым жүрөк эзип жиберет…
Анда студенттик курагым. 1982-жылы экинчи курсту бүтүп, Жети-Өгүз районунун Комсомол (азыр Кытай) айылында студенттик курулуш отрядында иштеп жүргөнүмдө, апам 10 баланы төрөп, бакканы үчүн "Баатыр эне" деген ардак наамга арзыды. Атам өмүр бою жылкычы, чабан болуп, жайы-кышы мал артында жүрүп, көп нерсеге анча маани бербеген адам. Башкалардын апаларынын колунда алтын шакек, кулагында алтын сөйкө жаркырап турганын байкап, апамдыкы жок экенине ичим ачышып калаар эле. Атам деле апама алтын сөйкө, шакек алып берип койсо, элден кем кылбаса дечүмүн. Аны атам билип, баамдай турган түрү жок. Анан жайлата, студенттик курулуш отряддан иштеп тапкан акчама апама белек алууну чечтим. Дүкөнгө барып, "кызыл көздүү" жарашыктуу алтын сөйкөнү шакеги менен кошо сатып алып барып бердим.
Апам өрмөк согуп, чий чырмап, жүн тытып, аны сабап, ийик ийрип, ала кийиз жасап, шырдак шырып, деле жаны тынбаган мээнеткеч жан эле. Апамдын дагы бир өнөр, шыгы ачылбай кетти. Тоо-ташта, жайлоо-кыштоодо доктур, оорукана кайдан болсун. Балдары ооруп же жөтөлүп калса өзү эле ырымдап, тоодогу дары чөптөр менен дарылап койчу. Кызамык, колу-бутубузга жара чыкса, тоодо өскөн дары чөптөрдөн жаап койсо эле, айыгып кетчү.
Анан апамдын курутундай даамдуу курутту элүүдөн ашканы жей элекмин. Карынга куйган сары майычы! Андай сары майды Бишкектен алигиче таппай жүрөм. Жаңы союлган койдун өпкөсүн үйлөп, улам сүт куюп, сары майдан аз-аздан салып бышырган олобосу дале таңдайымдан кетпей турат. Боорду эзип, бар аз күрүч кошуп бышырган быжысын да унуталбайм.
Жаңы студент болгон кезим. Жайдын капортосу. Бир күнү жатакананын кире бериш жеринде мага тааныш килейген фляга, жанында биздин үйдөгү апам колго соккон таар баштык турат. Арыраакта апам отурат! "Төл башым" деп менин студент болгонумду куттуктап, жайдын аптабына карабай бир фляга кымыз, бир козунун этин алып келатыптыр… Өмүрү ал кездеги Фрунзе шаарына келип көрбөгөн апам чыгынып, элден сурап, таякем Зарылбектин жашыл "Жигулисин" айдатып алып, жетине албай жетип келген тура. Атам болсо Ак-Сай жайлоосунда, дале мал артында…
Апаңарды эч качан "жеңе же эже " дебегиле
Өзү да өпкөсүнөн "жаман" оору (рак) менен ооруп, акыркы жылдары колумда 2-3 жыл туруп калды. Бир жолу "менин оорум жаман экен, балдарыңа жугуп калбасын, айылга, Эчки-Башыга эле алып барып салчы, Кудай айтканын көрөөрмүн",— дейт. Бирок акыркы мүнөттөрүнө чейин жанында болгум келди.
Апаңарды эч качан "жеңе, же эже " дебегиле. Айылга барганда апабыз кошуна-колоңдун үйүнө кирип кеткен болсо, келгичекти үйгө кирбей күтүп турчу элек. Биринчи эле сөзүбүз "Апам үйдөбү?" деп сурачы элек. Айылга барган сайын апам жок, үйдүн куту учкандай таасир калтырып, апамдын артында калган атамды аяп кетем…
Айылыма барган сайын апамдын жоктугу сезилип, умсунуп, улутунуп, арман кылып жүрөм. Бир түндүк эле ак сүтүңдү актай албадым деп өзүмдү күнөөлүү сезип калам… Бул эскерүүнү окуган жаштар, уул-кыздар апанын ыйыктыгын, эң кымбат адам экенин, балдары үчүн жанын садага чабууга даяр экенин билсе дейм. Мендей болуп, эненин баркын, баасын кеч түшүнүп, бармак тиштеп калбаса дейм…