Кат жазуу жан дүйнөнүн тазарышы, сагынычтын бөксөрүүсү, ички дүйнөдө катылган сырлардын ачылышы деген экс-депутат, коомдук ишмер Жылдыз Жолдошованын кат жазуу кезеги келди. Бул катты айтмакчы, бүгүн ал айылына учуп баратып жазды.
"Туулган жердин топурагы алтын" деген сөздөрдү жаш чагыбыздан уксак да, ага анча маани берчү эмес экенбиз. Көрсө, туулган жериң, балалык чагың өткөн айылың касиеттүүнүн касиеттүүсү экенин эс тартып, чоңоюп окууга кеткениңде, башка өлкөлөрдө жашаганыңда, өзгөчө, алыска турмушка чыкканыңда түшүнүп, баалайт экенсиң. Албетте, ар бир инсан өз айылын өзгөчө сагынаары талашсыз.
Мен Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Фрунзе колхозунда төрөлдүм. Атабыз эрте каза болуп, апам жетөөбүздү жалгыз чоңойтту. 1967-жылы 8-классты бүтүп, Фрунзе шаарындагы Автожолдор боюнча техникумга тапшырып, борбор калаабызга келген алгачкы жылдары айылыма кусам артып кетти. Апамды, анын мээримдүү колу жапкан ысык нанды, сары майга аралаштырып берген "мыкчымасын", бир туугандарым менен күнүгө ойногонубузду сагынар элем. Эсимде… шахмат менен шашкини катырат элек. Анан да пахта талааларын сагынчумун. Классташтарым, айылдаш кыздар, балдар болуп ак чөлмөк ойнойт элек. "Кызылдар" жана "душмандар" деген кызык оюн бар эле, эмне кылсаң да, чек арадан өтүп каршылаштардын байрагын илип алып, өзүңдүн командаңа жеткиришиң керек деген талап болчу. Жеңилип калгандар, "Жылдыздын бою да, буту да узун, арышы өтө чоң, ал эми көпчүлүгүбүздүн боюбуз кыска, ал бир да командага кирбесин" деген талаптарын коюшчу. Ал кезде ызалансам, кийин дал ошол күндөрдү сагынчу болдум.
Отуруп алып айылдаштарыма, классташтарыма, бир туугандарыма кат жазган соң гана, сагынычым аз да болсо таркагандай болчу. Кийин Москвада, андан соң Прибалтикада жашап калдым. О-о-о, ошондогу сагынычтарды керек болсо сөз менен эмес, ыр менен жеткире албайт элем.
Ааламга аттанган 40 жыл
Айылым илгери чаңга бөлөнгөн, пахта талаалары жайнаган, суусу шаркырап агып турган, талаалары кенен, тал, терек, тыттар өскөн айыл болчу. Азыр шаарга айланган, баягы кенен талаалар жок, анын ордуна заңгыраган үйлөр салынган, жолдору асфальт, мектептери, ооруканалары заманбап. Айылымдын өзгөрүшүнө, менин да депутат катары салымым чоң болду, бирок мен мурунку айылымды сагынам…
Окуп жүргөн күндөрүмдө аябай шок элем, мугалимдеримен дайыма таяк жесем да, шоктугум калган жок. Айтканымдан кайтпаган өжөр элем, аттиң… мени окуткан агай-эжелерим азайгандан азайып баратышат, мен ошолорду сагынам…
Кат жазуу — жан дүйнөнүн тазарышы, сагынычтын бөксөрүүсү
Кат жазуунун өзү — жан дүйнөнүн тазарышы, сагынычтын бөксөрүүсү, ички дүйнөдө катылган сырлардын ачылышы. Кат аркылуу сүйүүңдүн тереңдигин түшүндүрө билген өзгөчө туюм экенин мен кийинчирээк түшүнүп калдым. Тилекке каршы, азыркы жаштар, ошол кезде биз жазган каттарды жазбайт. Азыр биз да кат жазбай калдык, кат жазган кандай жакшы…
Мына, самолетко олтурдук, азыр учабыз, мен айылыма баратам, апа, сени сагындым, бир туугандарым, классташтарым, курбуларым, жердештерим — баарыңарды сагындым. Эч качан "Ош окуясы" кайталанбасын, өлкөбүздө тынчтык болсун.
Сиздерди урматтоо менен,
Жылдыз Жолдошова.