БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кытайда өткөн балдардын IV Эл аралык искусство жумалыгында Кыргызстандан барган "Балажан" борборунун беш тарбиялануучусу алтын, төртөө күмүш жана дагы беш бала коло медалга ээ болушканын аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, "Илим, тынчтык жана достук" деп аталган иш-чара былтыркы жылдын июнь айында өткөн. Ал дүйнөдөгү бардык балдардын ортосундагы достукту бекемдөөгө арналган.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи бүгүн "Балажан" студиясы уюштурган "Эң сүйүктүүмө!" деп аталган балдардын сүрөт көргөзмөсүнүн алкагында өтөт.