Ак-Жар жаңы конушунда чаян жашоочуларды чагып алууда

Жазылуу
Акыркы эки жыл ичинде Бишкек шаарынан анча алыс эмес жайгашкан Ак-Жар жаңы конушунда чаян кишилерди чагып алган учурлар көп катталууда. Акыркы эки күндө чаян эки кишини чагып алды.

1-мартта аталган жаңы конуштун 35 жаштагы тургунун кечинде чаян чагып алган.

Мындай окуя акыркы эки күндө экинчи жолу катталып жатат. Биринчи учур дагы Ак-Жар жаңы конушунда катталып, 9 жаштагы бала жапа чеккен. Кичинекей бала менен кишинин өмүрү азыр коркунучта эмес.

Чаян чаккан кишинин жубайы акыркы эки жылдан бери бул жандыктар көп чыгып жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.

"Биз ушуну менен үчүнчү чаянды үйдөн өлтүрүп жатабыз", — дейт атын атагысы келбеген аял. 

Ушундай көйгөй алардын коңшуларында да бар экенин кошумчалады.

"Тез жардам" кызматынын башкы дарыгеринин орун басары Оксана Суглобова кандай гана чаян чакпасын медициналык жардам үчүн кайрылуу керектигин айтат. 

"Тез жардам же доктурлар келгенге чейин чагып алган жерге муздак нерсе коюп, аллергияга каршы дарыларды ичүү керек", — дейт ал.

Дарыгер кандай болгон күндө дагы чагып алган жерди соруп, же кесип же өрттөөгө болбой турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0