БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кызыл-Кыя шаарындагы №5 көмүр шахтасында өз алдынча көмүр казган үч адам ууланып, анын экөө каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ күнү болгон. Куткаруучулар келгичекти жабыркагандар жергиликтүү тургундар тарабынан сыртка чыгарылып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Ноокат районунун тургундары 31 жаштагы Алтынбек Эрматов дароо эле каза болсо, 25 жаштагы Улукбек Эрматов ооруканага бара жаткан жолдо көз жумган. Ал эми 25 жаштагы Уларбек Базарбаев медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилген.