БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда үй ээси аялын өлтүрүп, андан кийин өзү асынып калганын ОИИБ билдирди.
Милиция окуя болгон жерге чыгып, башына бир нече ирет сокку жеп өлгөн аялдын сөөгүн тапкан. Анын жанында жыгач столдун канга боелгон буту аныкталган.
Муну менен бирге үйдүн сарайында асынып калган эркек адамдын сөөгү табылган. Тинтүү учурунда кат аныкталып, анда мас абалында келген аялы Зарина экөөсүнүн ортосунда чыр чыкканы жазылган.
Билдирүүдө үй ээси жини келип аялын столдун буту менен башка бир нече ирет чапканы, соккудан улам аял каза болуп калганы айтылат.
"Эсине келгенден кийин үй ээси өзүн өзү өлтүрүүнү чечкен. Өзүнүн өлүм алдындагы катында сөөгүн туулган айылы Тогузбайга коюуну өтүнгөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Жубайлардын артында жети жашар эгиз кыздары менен 13 жаштагы уулу калды.
Бул факт боюнча материалдар Түп РИИБде катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.