БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Өзүнөн 30 жаш улуу аял менен жашап жүргөн жигит аны өлтүрүп салганын моюндап, Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына өзү кайрылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кылмышка шектүү 24 жаштагы жарандын айтымында, аял экөөнүн ортосунда уруш чыгып, аны сабап салган. Алган жаракаттан улам аял өзүнө келбей каза болгон. Анын жансыз денесин айылдагы талаалардын бирине көмүп салган.
Былтыр апрель айында Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына 52 жаштагы аялдын туугандары кайрылган. Алардын жазган арызына ылайык издөө иштери башталган.
Ички иштер министрлигинен билдиришкендей милициянын ыкчам иликтөө тобу аялдын сөөгү талаада көмүлгөнүн тастыктады.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, күнөөсүн моюндаган жаран камакка алынды.