Кыргызстанда жүрөктөн үшүн алган оорулар: апыртылганы жана апкаарыткандары

© REUTERS / Enrique MarcarianЗика вирусун тараткан чиркейлерди жок кылуу. Архив
Зика вирусун тараткан чиркейлерди жок кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зика деп аталган оору дүйнөнүн 23 өлкөсүндө табылып, эми Москвага жеткенин билесизби? Sputnik Кыргызстан акыркы жыйырма жыл ичинде ЖМКлар кандай оорулар менен коркутканын эскерет.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бир нече жылда бир жолу гезиттер, телеканалдар менен интернеттер чагылгандай тез тароочу жана албетте, өлүм коркунучун жараткан оорулар туурасында биринен бири сөз талаша жаза баштайт. 

Кыргызстанда биринчи жолу балдарга өпкө ооруларына каршы эмдөө жасалат
Мындай жаңылыктар согуштан келген кабарларга окшоп кетет: мынчасы жуктуруп алды, түкүнчөсү өлдү, оору Россиянын чегине жетти, эми эртең-бүгүн дебей Кыргызстанга келет.

Акыркы мисал — атагы чыгып бара жаткан Зика оорусу Москвага жетти. Доминикан Республикасында бул тумоону жуктуруп алган аял Россиянын борбор калаасында жашайт экен. Ал отурган учак бир нече күн мурун Домодедово аэропортуна келип конгон. 

Sputnik Кыргызстан окумуштуулар менен журналисттер элди кайсы оорулар менен коркутуп келишкенин эскерди:

1. 2002-жыл жүрүп жаткан, ал эми өлкөнүн бардык телеканалдарынын дикторлору калкка жакындап келе жаткан "кочкул кызыл ажал" — адаттан сырткаркы пневмония жөнүндө кабарлап жатышты. Ал тургай, кыргызстандык журналисттер өлкөгө чет элдиктердин киришине чек коюуну талап кылышкан. "Адаттан тышкаркы пневмониянын биздин өлкөдө жайылышына, көзөмөлдүн колдон чыгып кетишине жана коомчулукка туура эмес маалымат берилишине" айыптуу өкмөт кызматкерлерин кылмыш жаза жоопкерчилигине тартуу талабы да коюлган эле. 

Баса, дал өпкөнүн кагындырган ооруну бир нече кыргызстандык жуктуруп алган. Ошол кезде дем алуу органдарынын башка дарттарына биздин 450 миңге жакын жаран чалдыкканы белгилүү. 

Сотрудник лаборатории проводит анализ на наличие вируса зика. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кайдан келген немесиң, Зика?
2. Пневмониянын ордуна бир жылдан кийин куш тумоосу келди. Көп өлкөлөрдө ызы-чуу түшүп, үй канаттууларын жок кылышты. Ал дүрбөлөң Кыргызстанга да жеткени менен, тумоо өзү жеткен жок. 

3. 2009-жылы элге чуу салган тумоонун дагы бир түрү пайда болуп, ЖМКлар биринен сала бири жаңы – чочко тумоосу жөнүндө жар салып кирди. Анда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул дартка алтынчы, эң жогорку коркунуч даражасын ыйгарган. Кыргызстандыктар жаңы мүшкүлгө каршы дарыларды жапырт сатып ала баштады. Дарт жайылып кеткен жок. Кыргызстанда H1N1 дартынан каза тапкандар болгон эмес. 

4. "Эбола безгеги" деген сөз телеободо 2015-жылдын башында пайда болгон. Бул дартка каршы вакцинанын жоктугу кырдаалды курчутуп турду. Биздин бактыбызга жараша, оорунун очогу Кыргызстандан тээ алыста жайгашкан Африка континентинде пайда болду. Ал турсун, Россияда эболадан эки адам каза тапты. Бирок, алар эксперимент учурунда кокустуктан улам, вирусту бармактарына ийне сайып алып жуктурушкан. 

5. Зика деген сөздү кыргызстандыктар жакында эле оозана баштады. Жаңы "мокочонун" башкалардан артыкчылыгы – ал оңой жайылат экен. Бул жолу да дүрбөлөң бизге жеткени менен, кудайга шүгүр, дарт өзү жете элек. 

Ошол эле учурда Sputnik Кыргызстан өлкөдө чыныгы кооптонууну жараткан оорулардын тизмесин даярдады:

1. Кан айлануу тутумунун оорулары. Бул дарттардан сактай турган "керемет вакцина" жок болгондуктан, кыязы, алар менен элди коркутуу экономикалык жактан пайдалуу эмес көрүнөт. Жүрөк-тамыр оорулары көз жумган ар бир экинчи кыргызстандыктын өлүмүнө себепкер. 

2. Рак. Статистика боюнча шишик ооруларынан өлкөнүн ар бир бешинчи жараны каза табат. Адистердин айтымында, рактын эң көп тараган түрлөрү — өпкөнүн, аш казандын, теринин, эмчек безинин жана боордун шишик оорулары. 

3. Тамак сиңирүү органдарынын оорулары 2015-жылы эки миң кыргызстандыктын өлүмүнө себепкер болгон.

4. Дем алуу органдарынын оорулары. Статистика боюнча, дем алуу тутумунун дарттары башка илдеттердин ичинде алдыңкы орунда турат. 

5. Мителердин оорулары жана жугуштуу илдеттер. 30 өлүмдүн бирине микробдор, вирустар же түрдүү мите курттар себеп болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0