Кайдан келген немесиң, Зика?

© REUTERS / MARIANA BAZOСотрудник лаборатории проводит анализ на наличие вируса "зика". Архивное фото
Сотрудник лаборатории проводит анализ на наличие вируса зика. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта бул илдетке кабылгандардын саны жарым миллионго жеткени айтылууда. Январдын аягына карата Зика илдети 27 өлкөдө катталып, бирок бир нече күндөн кийин мамлекеттердин саны өсүп кеткен. Ооруга туруштук берүүгө Кыргызстан да ыкчам даярданып жатканы белгилүү.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Зика оорусу, илдетке кабылган өлкөлөр жана ага каршы вакцина тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окусаңыз болот.

Көндүмгө айланган чочко тумоосунан тышкары, дүйнөдө Зика аттуу илдет пайда болуп, аны ушундай эле аталыштагы вирус жаратары ачыкка чыкты. Бул маймылдардын курч инфекциялык дарты болуп саналып, айрым учурда гана адамга чиркейлер аркылуу жугат. Вирус көбүнесе кош бойлуулар үчүн кооптуу, анткени, ал түйүлдүктүн мээсине доо кетирүүгө жөндөмдүү келет.

Биринчи жолу бул илдет 1947-жылы Угандада табылган, андан соң Латын Америкасына өткөн.

Зика илдетине байланышкан учурдагы кырдаал

  1. Вирус бир нече ондогон өлкөдө — Түндүк жана Түштүк Америка, Европа жана Азия мамлекеттеринде катталган. Жакында эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Зика оорусун эл аралык масштабдагы кооптуу илдет экенин жар салды.
  2. Аталган дартка туш болгондордун саны тездик менен өсүүдө — РИА Новости агенттигинин маалыматы боюнча Бразилияда жарым миллион, Колумбияда 20 миң адам ооруга чалдыкканы аныкталган. 
  3. Вирус адамдан адамга өтүп тарады. Биринчи учур АКШда катталган. Оору Зика дарты кеңири жайылган өлкөдөн келген адам менен болгон жыныстык байланыштан кийин жуккан. 
Лаборатория кызмакери Зика вирусуна текрешүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Зика вирусу дагы бир континентте табылды
Бразилиялыктар аталган оору менен күрөшүүгө 200 миң аскер кызматкерин тартты. Алар үймө-үй кыдырып Зика оорусу тууралуу маалымат таратып, калкка илдеттин кооптуулугун түшүндүрүп берет.
  • Окумуштуулардын айтымында, Зика оорусуна каршы вакцинаны даярдоого бир жылдан беш жылга чейин убакыт сарпталышы мүмкүн.
  • Бразилиянын Саламаттык сактоо министрлиги вирусту алып жүрүүчүлөрдү стерилизациялоо маселесин көтөрүп чыкты. Бул зыянкеч курт-кумурскалардын көбөйүшүн кыскартат.
  • Сальвадордо бийлик аялдарды эки жылга чейин төрөбөй турууга чакырганын ВВС билдирди.
  • Россия, Түштүк Корея, Япония жана Кытайдын өкмөттөрү вирустун жайылышына каршы иш-чаралардын планын иштеп чыгууда.
  • Оорунун себеби катары ар кыл факторлор айтылууда. Вирусологдор илдеттин күч алышына жылуулук түрткү болгонун белгилешти. Алардын айтымында, бул — биологиялык курал болушу мүмкүн.
  • Индиялык автоөндүрүүчү Tata Motors компаниясы Zica аттуу унаасынын аталышы ооруга уйкаш болгондуктан, аны өзгөртүүгө аргасыз болду. Машинанын жаңы аталышы кийинчерээк жарыяланат.
  • Инфекциянын алдын алуу иштерине Кыргызстан да даярдык көрүп жатат. Республикалык карантин жана өтө кооптуу инфекциялар борбору ыкчам түрдө Саламаттык сактоо министрлигинин аталган илдетке каршы чараларды көрүү боюнча буйругу даярдалып жатканын белгиледи.

    "Жобосу жаңыдан иштелип чыгууда. Негизинен учактарга көзөмөл күчөтүлөт. Эгер өлгөн же учуп жүргөн чиркейлер аныкталса, аба кемелерин тазалап чыгабыз", — деп билдирди борбор.

    Өлкө оорунун очогунан кыйла алыс жайгашкандыктан, азырынча илдеттин жайылуу коркунучу жок. Ал эми министрликтин тийиштүү буйругу айдын аягына чейин чыгары пландаштырылууда.

    Жаңылыктар түрмөгү
    0