БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Эртең Бишкек шаарында балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүлөргө каршы күрөшүү боюнча эл аралык иш-чара өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Дания, Эстония жана Норвегиянын адам укуктары боюнча өкүлдөрү катышат. Бул туурасында КРдин Акыйкатчы институнун маалымат кызматы билдирди.
Терегек стол "Балдарга таш боор мамиле кылып, кыйнагандардын жазасыз калып жатышына каршы күрөшүү" деп аталат.
Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдөн сырткары коомдук жана бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Иш-чараны КРдин Акыйкатчы институту бейөкмөт уюмдар менен биргеликте уюштурууда.