БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада күн сегиз градуска чейин жылый турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Ал эми өлкө аймагындагы Кыргыз тоо кыркаларында бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.