https://sputnik.kg/20160203/1022081846.html
Колу-бутун үшүк алган 8 жаштагы Ырыскелдиге өкмөттөн 100 миң сом жардам берилет
Колу-бутун үшүк алган 8 жаштагы Ырыскелдиге өкмөттөн 100 миң сом жардам берилет
Sputnik Кыргызстан
Мындан үч жыл мурда чоң атасы менен мал кароого чыккан 5 жаштагы Ырыскелди Зарлыков бороонго кабалган. Чоң атасы суукка тоңуп каза болуп, өспүрүмдүн эки колун... 03.02.2016, Sputnik Кыргызстан
2016-02-03T12:21+0600
2016-02-03T12:21+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/101794/12/1017941218_0:105:2000:1230_1920x0_80_0_0_4c8322bfa5b2408ef67c7776d8dbda5e.jpg
нарын
ат-башы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2016
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101794/12/1017941218_110:0:1890:1335_1920x0_80_0_0_ca142775c2b5110021cf84e905061df2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, коом, жаңылыктар, нарын, ат-башы
кыргызстан, коом, жаңылыктар, нарын, ат-башы
Колу-бутун үшүк алган 8 жаштагы Ырыскелдиге өкмөттөн 100 миң сом жардам берилет
12:21 03.02.2016 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Мындан үч жыл мурда чоң атасы менен мал кароого чыккан 5 жаштагы Ырыскелди Зарлыков бороонго кабалган. Чоң атасы суукка тоңуп каза болуп, өспүрүмдүн эки колун, эки бутун үшүк алып кеткен.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Үшүк алып колу-бутунан ажыраган сегиз жаштагы Ырыскелди Зарлыковго өкмөт фондусунан 100 миң сом жардам берилерин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Премьер-министр Темир Сариев Ырыскелди Зарлыковго керектүү медициналык жардамдын берилишин саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге тапшырды.
Буга чейин бир катар маалымат каражаттарында үшүктөн улам колу-бутунан ажырыган сегиз жаштагы Зарлыков тууралуу айтылган.
Аталган окуя 2013-жылы 9-январда Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында болгон. Беш жаштагы Ырыскелди Зарлыков чоң атасы менен бирге мал кароого чыгышкан. Бирок, катуу бороондон улам мал турган жерге жетпей калышкан. Небересин куткарып калыш үчүн аны карыя койнуна каткан. Бирок, ардагер суукка тоңуп каза болгон. Ал эми беш жаштагы баланын эки колу, эки бутун үшүк алгандыктан аларды кесип салууга туура келген.