БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Борбор калаада бүгүн күн беш градуска чейин жылый турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Ал эми бүгүн өлкө аймагынын кээ бир райондордо бир аз кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.