БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдүн аймагындагы Сары-Камыш-Тору-Айгыр автожолунун 13-чакырымында эки унаа кагышып, андан бир адам каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыкка "МАН" жана "Одисей" үлгүсүндөгү унаалар кабылган. Каза болгон 26 жаштагы Токмок шаарынын тургунунан тышкары, автоунаадагы беш адамдын бирөө жаракат алган.
Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жабыркагандарга биринчи медицианлык жардам көрсөтүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.