Улуу Ленин атабыз, бизди өстүргөн капасыз… Эстелик "Ленин-жоокерге" айланганда

© Арзымат АбдыкеримовРеконструкция памятника Ленина
Реконструкция памятника Ленина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгемендиктин келиши менен элдин эсинде бекем сакталган улуу "Ленин атанын" элеси акырындап башка баалуулуктарга алмашкан. Ал тургай бекем орнотулган эстеликтер көрүнүшүн башкаларга өзгөрткөн.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. "Бир, эки, үч Ленин берген күч" деп кичинекей кезде жарышка түшкөндө, мелдешкенде баарыбыз эле айтсак керек. 1990-жылдан кийин бир катар мектептерде Лениндин "Окуу, окуу жана окуу" деген сөздөрү илинип турганын баарыбыз эле билсек керек. 

Коммунисттик партиянын жана Совет мамлекетинин негиздөөчүсү, Совет өкмөтүнүн алгачкы жетекчиси Владимир Ильич Ленин (Ульянов) 1924-жылы 21-январда каза болгон.

Лениндин урматына СССРдин курамындагы мамлекеттерде анын айкелдери орнотулуп, майрамдык параддар анын сүрөтү жок өтчү эмес деп улуу муундун эскерип калганын көп эле угуп жүрөбүз. Өлкөнүн бардык айыл-кыштактарында Лениндин айкелдерин пионер, комсомолдор ардактап, дайыма анын жака-белин тазалап турчу.

© Арзымат АбдыкеримовЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылында Лениндин эстелигин Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерине айланган.
1/5
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылында Лениндин эстелигин Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерине айланган.
© Камчыбек Исраилов"Ленин-жоокердин" жанына Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун урматына жаңы эстелик салынды.
Ленин-жоокердин жанына Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун урматына жаңы эстелик салынды. - Sputnik Кыргызстан
2/5
"Ленин-жоокердин" жанына Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун урматына жаңы эстелик салынды.
© Камчыбек ИсраиловКөк-Серек айылында Лениндин бул эстелигин майлап, сырдап коюшкан
3/5
Көк-Серек айылында Лениндин бул эстелигин майлап, сырдап коюшкан
© Гульзада АлымкуловаАла-Бука райондук администрациянын маңдайында Лениндин эстелигинин ордуна Манастын айкели коюлган
4/5
Ала-Бука райондук администрациянын маңдайында Лениндин эстелигинин ордуна Манастын айкели коюлган
© Санжар ЭралиевЭстеликти жасаган Көчөрбаев кээ бир тургундардын "Лениндин эстелигин Манаска окшоштуруп жасап койгон" деген пикирлери туура эместигин айтат.
5/5
Эстеликти жасаган Көчөрбаев кээ бир тургундардын "Лениндин эстелигин Манаска окшоштуруп жасап койгон" деген пикирлери туура эместигин айтат.
1/5
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылында Лениндин эстелигин Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерине айланган.
2/5
"Ленин-жоокердин" жанына Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун урматына жаңы эстелик салынды.
3/5
Көк-Серек айылында Лениндин бул эстелигин майлап, сырдап коюшкан
4/5
Ала-Бука райондук администрациянын маңдайында Лениндин эстелигинин ордуна Манастын айкели коюлган
5/5
Эстеликти жасаган Көчөрбаев кээ бир тургундардын "Лениндин эстелигин Манаска окшоштуруп жасап койгон" деген пикирлери туура эместигин айтат.

СССР тарагандан кийин эстеликтердин көбү алынып, анын ордуна Кыргызстандын эгемендигин даңктаган башкалары орнотулду. Ошентсе да, айрым жерлерде анын эстелиги калтырылып, замандын талабына ылайык, өзгөртүлүп жасалды. Алсак, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылында Лениндин эстелигин Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерине айланган. Анын башына жоокердик каска кийгизип, милдетин өзгөртүшкөн. Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысы Камчы Исраилов 70-жылдары курулган эстеликти 2009-жылы кайтадан оңдоп чыгышканын мындайча айтат.

"Бул эстелик эскирип, дубалдары урап баштаган. 2009-жылы айыл тургундары кеңешип, аны оңдойлу дедик. Өзбекстандан художник келип, Лениндин башына каска кийгизип Улуу Ата Мекендик согуштун жоокеринин элесин түшүрүп берди. Айыл тургундары жакшы эле кабыл алышкан", — деп айтып берди ал.

Атыңды айтсаң, ким экениңди айта алам
Исраилов былтыр "Ленин-жоокердин" жанына Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун урматына жаңы эстелик салынганын билдирди.

Айыл өкмөт башчысы айылда Лениндин дагы бир эстелиги бар экенин айтып, анын майлап, сырдап коюшканын кошумчалады. 

Ал эми Ала-Бука райондук администрациясынын жанындагы Лениндин эстелигинин ордуна Манасты орнотушкан. Аны жасаган жергиликтүү скульптор Капарбек Көчөрбаев айкелдин жасалышы тууралуу буларга токтолду.

"Райондук администрациянын жанында Лениндин эстелиги турган жерге Манастын айкелин 1996-жылы жасап орноттук. Мындай идеяны райондун ошол убактагы жетекчиси Темирбек Акматалиев сунуштаган эле. Лениндин эстелиги турган постамент ошол бойдон калып, анын үстүнө Манастын жаңы жасалган айкелин койдук", — деди ал.

Көчөрбаев кээ бир тургундардын "Лениндин эстелигин Манаска окшоштуруп жасап койгон" деген пикирлери туура эместигин айтат. Лениндин эстелиги турган жерге башка айкелдерди коюу өлкө аймагында кеңири эле жайылган. 

Алардын негизгилеринин бири Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтындагы Лениндин эстелиги. Эгемендик алгандан кийин анын ордуна "Эркиндик" монументи орнотулган. Кийин "Эркиндик" монументи алынып, "Манастын" айкели коюлду.

© Фото / Александр ФедоровБишкек шаарынын Ала-Тоо аянтындагы Лениндин эстелиги. Эгемендик алгандан кийин анын ордуна "Эркиндик" монументи орнотулган.
Лихие 90-е в Кыргызстане — фото времен перестройки и независимости - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтындагы Лениндин эстелиги. Эгемендик алгандан кийин анын ордуна "Эркиндик" монументи орнотулган.

Кыргызстандын аймагында Лениндин атына байланышкан көп айылдар, чокулар бар жана башка аталыштар бар. Алардын ичине Чоң Алай кырка тоосунун борбордук бөлүгүндөгү эң бийик чоку Ленин чокусу, тоодогу Ленин мөңгүсү кирет. Андан сырткары Бишкек шаарында Ленин району, Чүй облусунда Ленин айылы бар. Республиканын облус, шаарларында бул адамдын атындагы көчөлөр али алмашпаган тейде колдонулуп жүрөт. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0