БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Сауд Аравиясында Кыргызстандын маданият күндөрүн 2016-жылдын 22-28-октябрь күндөрү өткөрүү пландалып жатканын минисрликтин маалымат кызматы билдирди. Бул тууралуу КР маалымат, маданият жана туризм министри Алтынбек Максутовдун Сауд Аравиянын элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.
Министр менен элчи маданият тармагындагы өз ара кызматташууну талкуулашты. Анын ичинде Кыргызстандын маданият күндөрүн Сауд Аравиясында өткөрүү да каралды. Ага ылайык, КРдин маданият күндөрүн 22-28-октябрда өткөрүү пландалууда.
Максутов элчини экинчи жолу өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча кабардар кылып, Сауд Аравиясынын маданият ишмерлерин аталган эл аралык фестивалга чакырды.
Элчи өз кезегинде Бишкекте жана Эр-Риядда сүрөтчүлөрдүн түрдүү көргөзмөлөрүн өткөрүп, маданият жаатында кызматташууну белгиледи.