Элдик жылдыз саноочунун божомолу:
- Ай чалкалап жаңырыптыр, кышында суук, бороон, чапкын болот
- Ай короолоптур, аягыңды тос, жут болбой мал тезинен сүт берет
- Ай короолоптур, көкүрөгүңдү тос, кар жаап кысымчылык болот
- Эртең менен Күн кызарып чыкса – эгинди жоо чапкандай күйүн, кечинде кызарып батса – катының эркек туугандай сүйүн" ж.б. табыркаларды айтат" (Кыргыздар, 12-том).
Элдик эсепчилердин байкап-чоттолоруна караганда жакында жаан-чачын болорунун белгилери:
- Мылтыктын үнү пас угулуп калат
- Идиштеги ун, талкан, туз нымдашат
- Тери буюмдары: жүгөн, басмайыл, көөкөр, чанач ж.б. нерселер жумшарып калат
- Малдын жүнү, адамдын чачы жумшарат
- Комуздун кылы бошойт
- Жөргөмүштөр торунун орто жерине барып алышат
- Көпөлөктөр пас учуп, гүлдөрүн башына конбой калат
- Кумурскалар уюгуна кире баштайт
Соно чымындар көзгө көрүнбөй калат ж.б. (Алимбеков А. Кыргыз элинин билим берүү салттары. – Б.: Педагогика, 2001. – 15-б.).
Ошентип кыргыздардын табиятты байкоосу, эсепчилик билими астрономия илими жана телескоп пайда болгонго чейин эле жылдыздарга жана жылдыздар тобуна эне тилдеринде ат койгон, тиричилигин Үркөр менен Айдын тогошуна карап ылайыкташтырган, он эки мезгилге кыргызча ай аттарын берген.
Ысык-Көл тарапта Манаке жайчы (Айманбай уулу) Кызыл-Кыя, Кызыл-Омпол шамалдарынын багыттарына карап, жан-жаныбарларды байкап, эмпирикалык метрологиялык прогнозун билдирчү экен. Бир күнү уулу Чылпакка быйыл кыш катуу болгудай, эки бээңдин эти түшө элек кезинде бирөөн базарга сатып, балдарыңа кийим кыл, экинчисин согумга союп ал дейт. Айткандай эле кыш катуу келип, эки бээ тең бороондон буюгуп, көтөрөм болуп өлгөн экен. Дагы бир жолу Тогуз-Байда Тынай деген киши, таруу сээп атса, Манаке өтүп калат, андан "Кеч айдап атам, таруум бышабы, бышпай калабы" десе, Манаке "Түшкө чейинки айдаганың көжөгө жарар, түштөн кийинкисин үшүк алаар" деп өтүп кетиптир. Күздө Манаке айткандай эле болот. Көрсө, ал күн күкүктүн тили так каткан күн экен. Дагы бир жолу Кыдыр акеге жайында эле кыш катуу келерин айтып, Күңгөйдү кыштоого калтырып, Тескейди жайлагыла дейт. Бул жолу да айткандай болот.
Мына ошондуктан элдин эсепчилер элге ар кандай өткөн окуяларды тактап гана бербей, алдын ала аба ырайы кандай болорун да эскерткен. Мисалы, 2000-жылы 5-октябрда Ош шаарынын 1000 жылдыгы белгиленген. Ошол күнү жамгыр көнөктөп жаап, күн ачылбай, коноктор да, оюн көрсөткөндөр да аябай кыйналган. Себеби бул күн ай арасына туш келген. Мына ошондон сабак алып Жалал-Абадда Курманбек баатырдын 500 жылдыгын өткөрүүдө эки жыл кийин негизги оюн-зоок өтө турган күндү ай арасынан да, тогоол күндөрүнөн да алып качып, күн ачык болгон.
Биз мына ошол элдик эсепчилерди эстен чыгарып койдук. Алардын эмгегин изилдеп, таап, кайра элге жеткиришибиз керек. Эл ичинде дале болсо алардын айткан-деген кептери, ишин уланткандары бардыр…