БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Ошто пара берүүгө аракет кылган Молдованын 32 жаштагы жараны кармалганын облустук ИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, Араван РИИБ жетекчисинин рапортунун негизинде чет элдик жаран шылуундук боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүүнү токтотуусу үчүн 144 миң сом берип жатканда колго түшүрүлгөн.
Ошол эле күнү аял Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат.