БИШКЕК, 4-янв. – Sputnik. Нарын шаарында №2025 аскер бөлүгүнүн жанындагы асма көпүрөнүн алдынан ташка кыпчылып калган эркек кишинин сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 3-январь күнү саат 12.45те болгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында өлгөн адамдын 61 жаштагы Жергетал айылынын тургуну экени аныкталган.
Куткаруучулар сөөктү алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.