БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Чек арачылар Тажикстандан автоунаасына героин салып келе жаткан кыргызстандыктарды кармады деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы.
Эки жаран Кыргызстандын аймагында жайгашкан "Бордөбө" чек ара көзөмөл өткөрүү жайынан колго түшкөн.
Чек арачылар "Митсубиси Паджеро" автоунаасын текшерүү учурунда 900 граммдык маңзатты таап чыгышкан.
Тиешелүү кагаздар толтурулгандан кийин маңзат ташып келе жаткандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.