БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып кургак учук менен жабыркаган бейтаптар үчүн №31 түзөтүү колониясында өзүнчө имарат курулганын ЖАМК билдирди.
Маалыматка ылайык, Молдовановка айылында жайгашкан 60 орундуу жаңы абак Кыргызстандагы Эл аралык Кызыл Крест комитетинин колдоосу менен курулуп, жарым жыл ичинде ишке берилди.
2-3 адам кармала турган камералар керектүү жабдык жана тиричилик техникасы менен камсыздалган.
Комитеттин буга чейин №50 түрмөдөн качып кармалган террорчу Эдил Абдрахмановдун жана 25 жылдык мөөнөт өтөп отурган Виталик Жедиктин операциясына жардам берери белгилүү болгон.