БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Россиянын аймагында тапшырык менен киши өлтүрдү делип, издөөдө жүргөн киши Чүй облусунун аймагынан кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өкүлдөрү Бишкекте төрөлгөн 38 жаштагы Казакстандын тургуну Денис Кошкиндин жашынган жерин аныкташкан. Ал буга чейин эки жолу соттолуп, эл аралык издөөгө алынган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ал Чүй облусунун Сокулук районунан кармалган.
2007-жылы ал өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүү беренеси боюнча Россиянын Ички иштер министрлининин Тюмень шаарындагы башкармалыгы тарабынан издөөгө алынган.
Бул кылмыш ишине тийиштиги барлар жазасын алышкан бирок, Кошкин изин жашырып карматпай кеткен.
Ошондой эле, Кошкин Кыргызстандын жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан №44 турак-колониядан 2007-жылы качып кетүү фактысы боюнча издөөгө алынып, кылмыш иши козголгон. Ал уурулук жана башка кылмыштары үчүн соттолгон. Жаза өтөө мөөнөтүнүн жарымын өтөгөндөн кийин турак-колонияга которулган. Кошкин ал жактан качып кеткен.