БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда бүгүн жер титиреп, ал Тогуз-Торо районунда дагы сезилгенин райондун Атай айылынын башчысы Мейманбек Залимтөрөев Sputik агенттигине билдирди.
Анын очогу Бишкек шаарынан түштүк-батышты карай 195 чакырым жана Жалал-Абаддан түнтүк-чыгышты карай 58 чакырым алыстыкта орун алган.
Залимтөрөевдин айтымында, Атай айылында жер эки жолу силкинген.
"Учурда үйлөрдүн жабыркап-жабыркабаганын тактоо иштерин баштаганы турабыз", — деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин 17-ноябрдан 18-ноябрга карага түнү Ош облусунда күчү 7 баллга жеткен жер титиреген. Анын кесепетинен жүздөгөн үйлөр жараксыз абалга келип, жашоого мүмкүн болбой калган.
Учурда жер титирөөдөн жабыркаган Ош облусундагы аймактарга жардам берүү иштери улантылууда.