Sputnik кабарчысы жарандардын укугун коргоочу бишкектик юристтер менен маектешип, алардын ишиндеги кызыктуу жана жүрөктүн үшүн алгыдай окуялар жөнүндө билип кайтты.
Кыйшык күзгү
Муздаткычтын өтө эле катуу үнү
Н. аттуу жаран жаңы эле сатып алган муздаткычына даттанып, адвокатка кайрылат. Ал ушунча катуу дүрүлдөп иштегендиктен, айымдын уйкусун алып, ал күндө уктарда валерианка ичкенге аргасыз болуп калыптыр. Санэпидстанциядан келген текшерүүчүлөр жарандын нааразылыгы негизсиз, муздаткыч бардык техникалык ченемдерге туура келет деп жыйынтык чыгарган. Сот болгон эмес, моралдык жана материалдык зыян да төлөнүп берилбептир.
Кир жуугуч машинадан алынган күйүк
Кир жуугуч машина — татаал техникалык товар. Аны кайтарып берүү же алмаштыруу дээрлик мүмкүн эмес. Бирок бишкектик айым муну эске албаптыр. Ал адвокатка машинаны алмаштырып же акчасын кайтарып алууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылат. Аялдын айтымында, кир жуугуч машина иштеп жатканда ушунчалык катуу ысыгандыктан, ал колун бр неч ежолу күйгүзүп алган. Бирок тейлөө борборунун адиси жана адвокат келип текшергенде, аялдын айтканы ырасталган эмес. Андан ары эмне болгону белгисиз.
Адвокаттын лицензиясын адвокатсыз эле кантип алып коюшкан
Лицензиясынан ажыратуу жөнүндө сотко адвокат мырзанын өзүн чакырышкан эмес. Ал эми квалификациялык комиссиянын төрагасынын резолюциясында: "иш доочу менен адвокаты жок каралсын" деген укмуш жазылган.
Эки жыл чуркап жүрүп, араң дегенде Жогорку соттун ишти кайра кароого жиберишине жетишкен. Быйыл сентябрда болсо лицензия ээсине кайтарылган. Адвокат эми моралдык жана материалдык зыянды төлөтүп алуу үчүн арыз берди.
Балекеттен арылбаган британиялык Кыргызстанда
Былтыр октябрда Улуу Британиянын А. Аттуу жаранына кол салышкан. Таламандын чак түшүндө аны Макаров тапанчасы менен атып, кыз акырегине жана башына ок жеген. Кудай сактап, аман калыптыр.
Бирок чет элдиктин жолсуз окуясы Кыргызстанда мындан бир топ мурда башталган.
Жарым миллион долларлык мурастын ээси, британиялык жарана Кыргызстанга мыйзамдуу ишкердик жүргүзгөнгө эң жеңил, эч кандай коркунуч жок өлкө деп келген. 2007-жылы ал айыл жеринен үч гектар жер сатып алып, дан куурай жана кара бүлдүркөн өстүрүп, аары кармоону чечет. Эч бир тикенсиз, жемиштүү – укмуш сонун көчөттөрдү сатып алат. Дал ушул жерден балакеттин баары башталып, ал да дайыма эле алданып калчу туристтин кейпин кийип калат.
Өзүнүн макоолугунанбы же ишенчээктигиненби, иши кылып ал сатып алгандарын М. аттуу жаңы таанышынын аялына каттатып коёт. Ал азыр өлкөдөн качып кеткен ашынган алдамчы болуп чыкты кол салганга чейин британиялык жер ээлиги жөнүндө ишеним катты ага кайтарып беришет деп ишенген болчу.
Андан ары баары жомоктогудай. Ишкердиктен алгачкы киреше түшө баштаганда эле рейдерлер, алдым-жуттум калпычылар, нааразы болгон жегиликтүү эл, коллекторлор жаандан кийинки козу карындай эле жайнап чыга келишет.
Беш жылга созулган мындай окуялардан кийин ал куру кол калып, ден соолугунан да ажырайт. Бирок анын иши эмдигиче жабыла элек. Азыр ыкчам тергөө тобу түзүлүп, ага Уюшулган кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыктын жана Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери кирген. Рейдерчилик, алдамчылык, кол салуу, жашаган жеринен чыгарып салуу жөнүндө арыз, келишимди мыйзамсыз деп таануу жөнүндө арыз – баары бир ишке топтолгон…