БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Өзүн Санат Мырзалиева деп тааныштырган аял Россияга бир ай мурун күйөөсү менен келген. Аны бул жакка ой-боюна койбой жатып Чыныгүл аттуу аял чакыртып алганын Sputnik маалымат агенттигине билдирди.
Россиянын Владимир облусундагы Ковров шаарында эмгек кулчулугунда жүргөн 14 кыргызстандык жаран аныкталганын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлаган.
Башында макул болбой эки жолу баш тартышкан. Бирок, ула-улам телефон чалып, жатаканасы бекер, тамак-ашына күнүнө 100 рублден эле кете турганын, керек болсо учак билеттерин да сатып беришерин айткан. Ишке орноштуруу мыйзам чегинде болуп, эмгек китепчеси ачылып, керек болсо пенсияга чыкканга ай сайын беш миң рублден төлөнүп турарын билдирген.
Бирок, Владимир облусундагы Ковров шаарына келгенде абал таптакыр башка болуп чыкканын Санат Мырзалиева мындайча айтып берди.
"Бизге үй-бүлөлүүлөр үчүн өзүнчө бөлмө берилет деп айтышкан. Бирок, иш жүзүндө бир бөлмөдө үч үй-бүлө жашап жаттык. Алардын түшүнүгү боюнча эки кишилик керебет турган жер бөлмө болуп эсептелет экен. Керебеттердин ортосун тактай менен тосуп коюшуптур", — деди ал.
Бир айда 10 миң рублди араң алышкан
Мырзалиеванын жолдошун механик болуп иштейсиң, бош убактыңда аялыңа жардам бересиң деп чакыртышканын айтат. Бирок келгенде андай жумуш түгүл эч нерсе жок болуп чыккан.
Аял-күйөөсү бир айдан ашык иштеп болгону 10 миң рубль араң алышкан. Ал акчасын колуна алышпай, дароо эле Бишкектен алган насыясын төлөө үчүн которушкан. Себеби, алар Россияга келгенге чейин насыя алып, өздөрүнүн чакан цехин ачууну максат кылышкан. Банктан эки жылга алган 150 миң сомго бычуучу аппарат да сатып алышкан. Бирок Чыныгүл аттуу аял Россиядан ала турчу айлыктарын алдын ала берип, насыясын тез арада эле төлөп бүтүшөрүн айткандыктан ага ишенип келишкен. Иш жүзүндө алган акчадан жок, же төлөгөн насыядан жок ара жолдо калышкан.
Ата-энеси акча салып уулу менен кызын куткарып алган
Аталган тигүү цехине Бишкектен ага-карындаштар да келишкен. Алардын да учак билетин тигилер сатып бергендиктен, карыз болуп калышкан. Мындай шартка көнбөй, кетебиз дегенде "учак билеттерин жана тамакка кеткен каражатты төлөп бергиле" деп талап кылган. Андыктан баласы менен кызын куткарып алуу үчүн ата-энеси Бишкектен 54 миң сом салып, аларды бошотуп алганын Мырзалиева кошумчалады.
Төмөн бааланган эмгек
Санат Мырзалиева тигүүчүлөрдү Россияга келип иштебей эле коюуну сунуштайт. Себеби, Бишкектегидей шарт жана айлык акы бул жакта төлөнбөстүгүн айтат. Мисалы, алар иштеп кеткен жерде бир шымды 12 рубль, футболканы 9 рублден тигишкен. Андан сырткары 10 футболка тигип, анын бирөө кесилип туура эмес болуп калса, 100 рубль кармалып турган.
Бишкекте бир шым 20 сомдон, күрмөлөр 150-200 сомдон тигилерин Мырзалиева кошумчалады. Эгер алар мындай шартта иштерин билгенде бул жакка келмек эместигин айтат.
Топтолгон паспорттор, качкан жарандар
Ишкананын администратору жумушчулар келери менен келишим түзөбүз деп паспортторун чогултуп алган. Андан сырткары салык катары ар бир жумушчудан ай сайын 5 миң рублден чогултуп турган. Паспорту жок болгондуктан жумушчулар эч бир жакка чыга алышкан эмес. Мындай жагдайга чыдабаган алты-жети жаран цехтен качып кеткенде, администратор өзү паспортторун артынан алып барып бергенин кийин билишкенин Мырзалиева кошумчалады.
Куткаруу операциясы, эшикти ачпаган жетекчилер
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдиргендей, сегиз жарандын паспорту кайтарылып, өз каалоосу менен Москва облусундагы ири цехке расмий түрдө жумушка орноштурулган. Алардын катарында Санат Мырзалиева да бар. Калган тогуз жаран Чыныгүл менен болгон туугандык байланышынан улам жумушка орношуудан баш тарткан.