БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык кол өнөрчүлөр Индияда 35-ирет өтүп жаткан IITF-2015 эл аралык соода көргөзмөсүнө катышып жатканын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-ноябрда соңуна чыга турган иш чара мындан эки жума мурун башталган. Ага учурда 26 мамлекеттин кол өнөрчүлөрү катышууда.
"Кыргызстандын павильонунда кыргыз оюулары түшүрүлгөн буюм-тайымдар коюлган. Уздардын колунан чыккан баш кийимдер, жибектен кийиз кошулуп жасалган моюн орогучтар, чыптамалар жана сувенир куурчактарына талап жогору болууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Буюмдардан тышкары, көргөзмөдө кургатылган мөмө-жемиштер менен тоо балы да тартууланууда. Иш-чараны көргөнү келгендерге Кыргызстан тууралуу кеңири маалымат берилип жатканы маалымдалды.
IITF-2015 жыл сайын өтүп, эки жуманын ичинде миллионго чукул адам келет.
