БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн айланасын иретке келтирүү тапшырмасын мэри Кубанычбек Кулматов шаарга рейд жасоо учурунда билдирди.
Мындан тышкары, кыдыруу учурунда Бөкөнбаев менен Исанов көчөлөрүндөгү жөө адам басуучу жолдун жоктугу белгиленип, "Бишкекглавархитектура" ишканасына тез арада кемчиликтерди жоюу тууралуу айтылды. Муну менен бирге шаар башчысы ирригациялык системалардын абалын көрдү.
Кулматов рейд маалында Москва көчөсүндө жайгашкан Республикалык оорукананын айланасындагы коммуналдык түйүндөрдүн ремонтунан кийин асфальттык катмарды калыбына келтирүүнү тапшырды.