БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкекте аскага чыгуу боюнча шаардын чемпионаты менен ачык биринчилиги өтө турганын мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, белгилүү спортчу Алексей Аксеновдун элесине арналган мелдеш үстүбүздөгү жылдын 21-22-ноябрь күндөрү Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде өтөт.
Аскага чыгуунун татаалдыгы жана ылдамдыгы боюнча мелдешке 17 жашка чейинки спортчулар катыша алат. Алардын арасында шаардын, республиканын чемпиондору бар.
Турнирдин жеңүүчүлөрү диплом, медаль жана баалуу байгелер менен сыйланат.