Төрт мамлекеттин балбандары УОКтун туңгуч президентинин элесине арналган сынакка келет

Жазылуу
Эшим Кутманалиевдин элесине арналган турнир Бишкек шаарында 24-25-ноябрь күндөрү өтмөкчү.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Россиянын балбандары Улуттук олимпиада комитетинин туңгуч президенти, спорт чебери Эшим Кутманалиевдин элесине арналган эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында өтүүчү турнирге катышат.

Чемпион Касымбеков: атаандашым сыяктуу эле ыйладым
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдагандай, турнир Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайынын концерттик залында 24-25-ноябрь күндөрү өтөт.

Мелдештин жеңүүчүлөрү медаль, диплом жана баалуу байгелер менен сыйланат.

Эл аралык турнирге 1999-2001-жылы төрөлгөн өспүрүмдөрдүн катышуусу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0