БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын ичинде "Түндүкэлектр" ишканасынын абоненттеринин карызы 514,7 миллион сомду чапчыганын аталган компания билдирди.
Жыл башына салыштырмалуу учурда дебитордук карыз 81,8 миллион сомго же 13,7 пайызга кыскарган.
Тогуз айдын аралыгында электр энергиясы үчүн өз маалында акча төлөбөгөн 109 миң 940 абоненттин жарыгы өчүрүлгөн.
Январь айынан бери бишкектиктер карызын тогуз миллион сомго кыскартса, Чүй облусунун тургундары 61,2 миллион сом төлөшкөн. Ал эми Талас облусунда дебитордук карыз 11,5 миллион сомго кыскарды.