БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Ишемби күндөн тарта шейшемби күнгө дейре Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.
Ал эми 8-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Тимирязев көчөсүндөгү №№ 12, 37, 42; Үмөталиев көчөсүндөгү №34; Манасчы Сагымбай көчөсүндөгү №264 көп кабаттуу үйлөрдө жарык өчөт. Андан сырткары Москва/Үмөталиев көчөлөрүндөгү №2965, 145 трансформаторлору оңдолот.
10-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейинки аралыкта Абай, Кремлевская, Скрябин, Медеров, Ашхабат, Панфилов, Орлов көчөлөрүндө, Ош тар көчөсүндө кыска мөөнөткө электр жарыгы үзгүлтүкө учурайт. Ошондой эле, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылында, Шопоков шаарында, Южный кыштагында дагы жарык өчөт. Себеби, "Александровка" көмөкчордонунан тараган 10 киловаттуу электр зымдары оңдолот.