Сузак: үч класста 157 окуучу эки смена менен окуп жатат

Жазылуу
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сапаровка айылындагы Шамшы Базарбаев атындагы мектепте 157 окуучу эки смена менен окуп жатат.

Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 57 мектеп салынып, жыл аягына чейин дагы 14 мектеп курулмакчы
1997-жылы ашар жолу менен салынган корпус учурда жараксыз абалга келип, окуучулар үчүн коркунуч жаратып жатат. Мектептин дубалдарынан жарака кетип, чатыры да бузулган. Бирок ага карабай, окуу процесси улантылууда. Мектепте 315 окуучу билим алып келген. Бирок, ӨКМ бир катар класстарды жараксыз деп тапкандан кийин, окуучулардын жарымы коңшу айылдардын мектептерине которулган. Учурда мектепте 157 гана окуучу калды. Алар жарактуу делген үч гана класста окуусун эки смен менен улантып жатышат. 

Мектеп директору Сиражидин Исмаиловдун айтымында, коркунуч жогору болгон үч класска окуучуларды аргасыздан киргизишкен. Себеби Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, окуу процесси бир да саат үзгүлтүккө учурабашы керек.

"Окуу процессин бир да саат үзгүлтүккө учуратпоо — мугалимдердин негизги милдети. Андыктан биз болгон классты окуучуларга ыңгайлаштырып жасап, аларды окутуп жатабыз", — дейт ал.

Кочкордун Ак-Жар айылында ураган мектептин ордуна жаңысы ачылды
Сапаровка айылынын тургуну Асан Маматалиев мектепке балдарын жиберүүдөн чочуларын айтат. Себеби, мектептин дубалдары жарылып кеткен. Жакында болгон жер титирөөдө окуучулардын баары сыртка чыгарылды, дейт ал.

Мектеп директору Сиражидин Базарбаев президент тарабынан кийинки жылы 100 мектеп салуу демилгесинин алкагында алардын да мектеби жаңырып калат деген тилегин билдирди. Себеби, билим берүү министрлигинен чалып, алардын мектеби да тизмеге кирип калышы мүмкүндүгүн айткан. 

Сапаровка айылына алгачкы мектеп 1895-жылы курулган. Кийин анын жанына ашар жолу менен корпус салынган. 1997-жылы да ашар жолу менен салынган корпус учурда жараксыз абалга келип, окуучулар үчүн кооптуулук жаралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0