00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда 57 мектеп салынып, жыл аягына чейин дагы 14 мектеп курулмакчы

Жазылуу
Пайдаланууга берилген мектептер бардык зарыл шарттар — спорт зал, ашкана, даараткана жана ысык суу менен камсыздалган.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Азыркы учурга чейин 57 мектептин имараты пайдаланууга берилгени премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында өткөн мектептерди куруу боюнча жыйында белгилүү болду. 

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, быйылкы жылы өлкө боюнча 71 мектептин курулушун бүткөрүү пландалган. 

Азыркы учурга чейин 57 мектептин имараты пайдаланууга берилди. Ноябрь айынын соңуна чейин тогуз, ал эми декабрь айында дагы беш мектеп имараты толук кандуу ишке берилмекчи.

Нарындын Алыш-Дөбөлү айылы 20 жылдан бери биринчи мектепке ээ болду
Маалыматка ылайык, пайдаланууга берилген мектептер бардык зарыл шарттар — спорт залдар, ашкана, даараткана жана ысык суу менен камсыздалган.

Сариев мектеп имараттарын курууда анын баасын негизсиз түрдө көтөрүү фактыларынын алдын алуу үчүн аны тыкыр текшерип чыгуу зарылдыгын билдирди. Бул боюнча атайын топ түзүп, аны биринчи вице-премьер Аалы Карашев жетектемей болду.

Ошондой эле кийинки жылы "Жер-Үй" кенин иштетүүдөн түшкөн каражатка куруу пландалып жаткан мектептердин долбоорун кайрадан карап чыгуу тапшырмасы берилди.

"Жер-Үй" кенинен түшкөн каражатты 100 мектепти реконструкциялоо жана 100 жаңы мектеп салуу пландаштырылган. Быйыл жыл аягына чейин 26 мектеп толук кандуу оңдоодон өткөрүлүп, калган 74 мектептин ремонту келерки жылы бүткөрүлөт.

Мындан сырткары, быйыл 21 социалдык объект курулуп, пайдаланууга берилүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0