БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Сокулукта 15 жаштагы үч өспүрүмдү коюп кеткен айдоочунун иши тергелип жатканын ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, "ВАЗ-2107" унаасын айдап келе жаткан 38 жаштагы айдоочунун мас абалында болгондугу айтылууда. Кечки саат жетиде болгон кырсыктан жабыркаган өспүрүмдөр ар кандай жаракат менен аймактык ооруканага жеткирилген.
Унаа айып короого токтотулуп, экспертиза дайындалды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.