БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкектин "Бакай-Ата" жана "Дордой-2" жаңы конуштарында балдар аянтчалары ачылганын шаардык муниципалитет билдирди.
Маалыматка ылайык, наристелер үчүн курулган аянтчалар Свердлов райондук бюджеттен бөлүнгөн каражатка салынды.
Балдар аянтчаларынын ачылыш салтанатына райондун акими, шаардык кеңештин депутаттары, жаңы конуштардын жашоочулары катышты.