БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, күн төрт градуска чейин жылуу болот. Түнкүсүн —3 градуска чейин төмөндөйт.
Ошондой эле, Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар жаайт. Ашуулардагы автожолдордо кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундуна 15-20 метрге жетет.