Талас: баасы түшкөн төө буурчак, жаны күйгөн дыйкандар

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТөө бурчак. Архив
Төө бурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда төө буурчактын бир килограммы 25-30 сомдон сатылып жатат. Дыйкандар мындай баа кеткен мээнетти актабайт деп нааразычылыгын билдиришүүдө.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Талас облусунун дыйкандары быйыл төө буурчактын арзан болуп жатканына нааразы болуп, митингге улам-улам чыгышууда. Алар өкмөттүн аталган маселени көзөмөлгө алып, дыйкандардын мээнети акталбай жатканына көңүл бурууга чакырып жатат.

"Талас эл ынтымагы" кыймылынын төрагасы Серен Шейшеновдун билдирүүсүндө, төө буурчактын баасынан улам аймактагы абал чыңалып турганын айтты.

"Бизде ачык айкындуулук жок. Төө буурчак алуу көпчүлүк жерде жабылды, бирок тыйыны барлар тымызын алып жатат. Баасы 30 сомдон ашкан жок. Социалдык абал курчуп жатат. Бизге тынчтык керек", — дейт ал.

Эгер ушундай темп менен эле кете берсе, социалдык жарылуу болбойт деп эч ким кепилдик бере албастыгын айткан Шейшенов өкмөттүн облустагы өкүлү Байыш Жуманазаровго көп нааразычылыктар болуп, эл аны жумуштан кетсин деген талаптарды коюп жатканын кошумчалады.

Таластык дыйкандар эмнеге Түркиядан башка мамлекеттер облуска киргизилбей жатканына нааразы. 

"Эмнеге Россия, Болгария жана башка Европа мамлекеттерине жол ачылбайт?", — деп суроо салат "Талас эл ынтымагы" кыймылынын төрагасы Шейшенов.

Ал ошондой эле, Түркияга чет жактан алынып кирип жаткан товарларга карата бажы төлөмү көтөрүлгөндүктөн биздеги баанын төмөндөп кетишине таасир берип жатканын билдирди. 

"Дыйкандар сөз укпайт"

Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг башкармалыгынын башчысы Жумабек Асылбековдун айтымында, дыйкандар өстүрүп жаткан төө буурчактын сапатына жана аны канча көлөмдө өстүрүү керектиги жөнүндө мамлекет тарабынан берилген сунуштарга кулак салышпайт.

"Биздикилер кайтадан эле эски буурчактарды эгип, анын сортуна, сапатына жакшы көңүл бурбай калган. Жакшы түшүм алуу үчүн үрөнгө көңүл буруу кажет. Дыйкандарга быйыл төө буурчакты аз сепкиле деп сунуштаганбыз, бирок алар аны укпай былтыркыга караганда дагы көп айдап алышыптыр", — дейт ал.

Жергиликтүү тургундар төө буурчактын баасы 100 сомго чейин чыкканына бир аз көнүп алгандыктан аны жылдан-жылга көп айдаганга аракет кылып жатканын айткан Асылбеков төө буурчактын баасы 2013-жылы эмнеге 100 сомго чейин чыкканын мындайча түшүндүрдү.

"2013-жылы эмнеге баа көтөрүлдү? Себеби, дүйнөдө 2012-жылга караганда буурчак өндүрүү бир миллион тоннага аз болгон. Ошол себептен баалар көтөрүлгөн. Ал эми төө буурчак быйыл 2014-жылга караганда 500 миң тоннадай көп өндүрүлдү. Андыктан буурчак көп болуп, анын баасына таасир берүүдө. Мындай тенденция үч жылга чейин сакталат деген божомолдор бар", — дейт ал.

Депутаттар төө буурчак маселесин жеринде чечкенге даяр, бирок…

Төө буурчак маселеси боюнча республикалык комиссия түзүлмөй болду
Ал ортодо КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Түркиянын импорт-экспорттоо ассоциациясынын жана Мерсин Соода Биржасынын өкүлдөрү менен жолугуп, төө буурчакты экспорттоо маселесин талкуулады. 

Турсунбеков таластык дыйкандардын абалы, төө буурчактын баасы арзан болуп жатканы жөнүндө айтып, Кыргызстанда өстүрүлгөн төө буурчакты Түркияга алып кирүүдөгү бажы төлөмүн азайтууга көмөк көрсөтүүгө чакырды. 

Өз кезегинде Түркиядан келген өкүлдөр өз өлкөсүнүн айыл-чарба министрлиги, тышкы экономикалык байланыштарды караган өкмөттөгү төбөлдөр жана Экспортту өнүктүрүү кеңешинин жетекчилери менен пландалган жолугушууда талкууларын убада кылышкан.

Бүгүн Кыргызстандын айыл-чарба министрлиги билдиргендей, Таластын төө буурчагын Түркияга алып кирүүдө кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча сүйлөшүүдөн жыйынтык чыккан жок.

Арка в Таласской области. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Төө буурчактын арзандыгына нааразы болгон дыйкандар митингге чыкты
Кыргызстандын айыл-чарба министрлиги Түркиялык кесиптештери менен Таластын төө буурчакты кошумча нарк салыгы жок Түркияга киргизүү боюнча бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Бирок, Түркиянын өкмөтү өз дыйкандарынын кызыкчылыгын коргоо максатында Кыргызстандан келип жаткан буурчактарга жеңилдиктерди карабай турганын билдирген.

Кыргызстандын төө буурчагы Түркия, Болгария, Сербия, Македония, Румыния, Грузия, Босния-герцеговина мамлекеттерине экспорттолот.

Таластык дыйкандар быйыл 53 гектар жерден 94 миң тонна төө буурчак жыйнашкан.

Төө буурчактын наркынын өзгөрүү тенденциясы (Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча):

  • 2010-жылы 18-22 сом;
  • 2011-жылы 28-30;
  • 2012-жылы 30-35;
  • 2013-жылы 74-100;
  • 2014-жылы 60-65;
  • 2015-жылы 28-35.
Төө буурчактын наркынын өзгөрүүсү
Төө буурчактын наркынын өзгөрүүсү - Sputnik Кыргызстан
Төө буурчактын наркынын өзгөрүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0