Төө буурчак маселеси боюнча республикалык комиссия түзүлмөй болду

© flickr.com / cookbookman17Төө буурчак. Архив
Төө буурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талас облусунун дыйкандары төө буурчактын баасына нааразылыгын билдирип, митингге чыгууда.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Талас облустук администрациянын алдына митингге чыккандар менен өкмөттүн облустагы өкүлү, айыл чарба министринин орун басары жолугуп сүйлөштү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Арка в Таласской области. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Төө буурчактын арзандыгына нааразы болгон дыйкандар митингге чыкты
Дыйкандардын айтымында, 2013-жылкы түшүмдүн баасы 100 сомдон ашкан, 2014-жылы төө буурчактын баасы 60 сомго чейин түшүп кеткен. Бүгүнкү күнү анын баасы 25-30 сомдон сатылууда. Буга нааразы болгон дыйкандар шаршемби күнү обладминистрациянын алдына митингге чыгышкан.

Милициянын маалыматына ылайык, митинг учурунда эч кандай мыйзам бузуу катталган эмес. Нааразы болгондор түштөн кийин саат 3:30дарда тарап кетишкен.

"Нааразы болгондор менен айыл чарба министринин орун басары да жолукту. Алар маселени өкмөткө жеткирмей болушту. Ошондой эле республикалык комиссия түзүлмөкчү", — деп ОИИБден маалымдашты.

Төө буурчактын баасын атайын төмөндөткөн ортомчулар мыйзам чегинде жооп бере турганын премьер-министр Темир Сариев билдирген эле. 

Жаңылыктар түрмөгү
0