БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков көпчүлүк коалиция түзүү боюнча "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен сүйлөштү. Бул туурасында бүгүн КСДП фракциясынын катчылыгы маалымат таратты.
"Сүйлөшүүдө көтөрүлгөн маселелер боюнча тараптар орток пикирге келишти", — деп айтылат маалыматта.
Катчылык көпчүлүк коалициясына кире турган фракциялар дүйшөмбү күнү белгилүү болорун кошумча билдирди.