00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаев: байыркы Ош шаарынын келечеги кең

© Пресс-служба президента КРПрезидент Алмазбек Атамбаев Ош шаарында. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кыргызстандын түштүк борбору Ош шаары өзүнүн 3015 жылдыгын белгилеп жатат.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Байыркы Ош шаарынын келечеги кең экенин президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарынын 3015 жылдыгына карата жолдогон куттуктоосунда белгиледи.

Байыркы Ош бүгүн 3015-туулган күнүн белгилейт
Түштүк калаа бүгүн 3015 жылдыгын майрамдап жатат. 

Өлкө башчынын айтымында, Ош – Кыргызстандагы гана эмес, Борбордук Азиядагы байыркы шаарлардын бири. 

Президент касиеттүү Сулайман тоонун этегиндеги шаар аркылуу Улуу Жибек Жолу өтүп, Батыш менен Чыгышты, Европа менен Азияны байланыштырып турганын белгилеп, калааны көптөгөн элдин өкүлдөрү байырлап, нечен-нечен кылымдар бою ынтымакта жана биримдикте жашоонун жакшы салттарын калыптандырганын айтып өттү. 

"Эзелтен Ош кол өнөрчүлөрдүн, соодагерлердин, усталардын жана зергерлердин башын бириктирип, берекенин, молчулуктун жергеси болуп келген. Эгемендик жылдары Кыргызстаныбыз татаал жол, тайгак кечүүлөрдөн өттү. Ниети бузук саясатчы сөрөйлөр элдин ынтымагын ыдыратып, мамлекеттин биримдигине коркунуч келтиргенде жалпы Кыргызстан эли түп көтөрүлө Ош шаарынын тургундарына жардамга келди. Туруктуулукту калыбына келтирип, тынч турмуш жолуна түшүүгө жапа тырмак көмөктөштү", — деп айтылат куттуктоодо. 

Атамбаев акыркы жылдары Ош шаарынын эмгекчил, мээнеткеч эли эриш-аркак жашап, өнүгүүнүн туруктуу жолуна түшкөнүн белгиледи. 

"Биздин максат — ата-бабаларыбыз кылымдар бою калыптандырган ынтымакты жана биримдикти көздүн карегиндей сактоо. Пейилибизди оңдоп, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, Ошту кийинки муундар суктангыдай шаарга айландыруу. Байыркы Ош шаарынын келечеги кең. Бирок шаарыбызды өнүктүрүп, көрктөндүрүүнү бийликтен гана күтпөйлү, бул бардыгыбыздын ишибиз. Шаардын ар бир тургуну жашоосун жакшыртууга, айлана-чөйрөсүн көрктүү кылууга өз салымын кошууга тийиш", — деди президент.

Өлкө башчы куттуктоо соңунда Ош калаасынын тургундарына чың ден-соолук, бак-таалай жана ынтымак каалап, байыркы сыймыктуу шаар мындан ары дагы гүлдөп, өнүгүп өсө берсин деген тилегин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0