Иликтөө: ЕАЭБдин колдоосуна карабай, кыргызстандык жаштар АКШдан окугусу келет

Жазылуу
Изилдөөчүлөр интеграциялык процесстердин активдүүлүгүнө карабастан, улуу муундан айырмаланып, КМШ өлкөлөрүнүн жаштары чет жерде окуп-иштөөгө умтуларын аныкташты.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттеринин 18 жаштан 34 жашка чейинки жаштары жалпы жонунан евразиялык интеграцияга оң көз карашта экенин Евразия өнүктүрүү банкынын изилдөөсү аныктады.

Сурамжылоого КМШ өлкөлөрү (Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикистан, Украина) менен Грузиянын 11 миңден ашуун тургуну катышкан. Мында жооптор өлкөгө жараша бири-биринен кескин айырмаланып турат.

Евразия өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСи үчүн 100 млн. доллар берет - Sputnik Кыргызстан
Евразия өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСи үчүн 100 млн. доллар берет
Эксперттик анализ Армения менен Казакстандын жаштары (58 жана 83 пайыз) 55 жаштан жогорку курактагы жарандарга (52 жана 76 пайыз) салыштырмалуу мамлекеттердин ЕАЭБ курамына кирүүсүнө түз мамиледе экени анык болду. Ал эми Россия менен Белоруссияда жаштар бул маселеге улуу муунга караганда салкыныраак көз карашта экени белгиленди.

Тажикстандын ЕАЭБге кирүү мүмкүндүгү калк арасында жакшы кабыл алынууда (жаштар 69 пайыз, улуу муун 75 пайыз). Мындай мамиле жакында эле биримдикке мүчө болгон Кыргызстанда да сакталган (84 пайыздан кем эмес).

Таптакыр эки бөлөк жыйынтыкты Молдова менен Грузия көрсөттү. Биринчи мамлекеттин жаштары Молдованын ЕАЭБге кошулушуна караманча каршы болгондор басымдуулук кылса, Грузияда, тескерисинче, уюмга кирүүгө кызыкдар жаштар көп экени белгилүү болду. Мында улуу муун жалпы жонунан биримдикке мүчө болууну туура кабыл аларын билдирген.

Билим алуу, ишке орношуу, илимий-техникалык жана башка багыттарда эл аралык кызматташуу боюнча жаштар негизинен Европа өлкөлөрүнө жана АКШга басым жасай турганы аныкталган. 

Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ эми Кытай менен жаңы өңүттөгү кызматташуу туурасында сүйлөшүүнү баштайт
Мисалы, Белоруссияда жаштардын 27 пайызы убактылуу жашап-иштөө үчүн Германия мамлекетин тандай тургандыктарын айтышкан. Армениялыктардын 22 пайызы АКШны тандашкан. Ал эми Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын жаштарынын көпчүлүк бөлүгү АКШ менен Түркияга барууну эңсешет.

Изилдөөнүн натыйжасында КМШ жаштары негизинен Европа өлкөлөрүнөн билим алууга умтулары маалым болду. Тажикстанда гана КМШ өлкөлөрүнүн, көбүнесе Россиянын окуу жайлары жаштар арасында популярдуу.

Сурамжыланып жаткан жаран канчалык жаш болсо, ошончолук европа, америка жана япон товарларына басым жасай турганы белгилүү болду.

Евразиялык өнүктүрүү банкы мүчө-мамлекеттердин экономикалык өсүшүн камсыздай турган эл аралык финансы уюму. Казакстан менен Россиянын ортосундагы макулдашуунун негизинде 2006-жылы түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0