БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкектин "Асанбай" кичи районунда жайгашкан чиркөөдөн курулуш материалдарын уурдап кеткен борбор калаанын эки тургуну кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, чаламандын чак түшүндө уурдалган материалдын жалпы суммасы 94,5 миң сомду түзгөн.
Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында Октябрь райондук ИИБ кызматкерлери тарабынан уурулар кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.