БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы толугу менен жылытуу сезонуна даяр экенин муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Түштүк борборунун турак жайларын жана социалдык мекемелерин жылуулук менен Оштун ТЭЦи камсыздайт.
Мэрия жылуулук абанын температурасы 8 градустан төмөн болгондо берилерин белгилейт. Азыркы учурда Ошто күн +11…+13 градуска чейин жылуу болуп турат.
Ал эми Бишкекте жылуулук 20-октябрдан баштап бериле баштады.